Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Бишкектик 3 үй-бүлө газдын иси менен ууланышты


Жаңы жыл жаңыргандан бери Бишкекте газдын исине ууланган 13 адам дарыгерлерге кайрылууга мажбур болушту. Алардын арасында борбордун четиндеги “Калыс-Ордо”, “Арча Бешик” жана “Ак ордо” жаңы конуштарында турган 3 үй-бүлө мүчөлөрү истен жабыр тартышты. Өткөн жылдын 1-октябрынан ушул күнгө чейин газ менен уулангандардын саны 103 адам болду. Ал эми 2007-жылдын 1-октябрынан өткөн жылдын башына чейин алардын саны 71 адам болчу. Адистердин айтымында, буга мештердин бузуктугу жана сапатсыздыгы башкы себеп.(BD)

XS
SM
MD
LG