Анда экономиканы жандантуу планы сөз кылынмакчы. Обама Конгресс куткаруу планын колдоп берсе, ага мүмкүн болушунча тезирээк кол коюну көздөөдө. Жаңы президент кызматына расмий түрдө 20-январда киришет. Бирок айрым мыйзам чыгаруучулар план февралдын ортосуна чейин даяр болбойт деп ырасташууда. Обама долбоорду эки партиянын тең өкүлдөрү колдошот деген үмүтүн билдирди.