Мындай пикирин саясат талдоочу Марат Казакпаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. М.Казакпаевдин пикиринде, оппозиция радикалдуу аракеттерден баш тартып, президенттик шайлоого даярдык көргөнү туура болот. Анын үстүнө, дейт саясат талдоочу, учурда эл бийликке да, оппозицияга да ишеним артпай калды. “Ошондуктан оппозициянын саясий акцияларын эл колдоору күмөн туудурууда. Ал эми бийлик 2008-жылы саясий оппоненттерин куугунтукка алуу менен өзүнүн кадыр-баркын түшүрүп, оппозицияга упай кошуп берди”, дейт М.Казакпаев. (MSu)