Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Мамлекеттик жөлөк пулга, жеңилдиктерге муктаж үй бүлөөлөр аныкталат


Бул максатта ушул айдан тартып Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан пилоттук долбоор ишке кирет. Анын алкагында ар бир үй бүлөөнүн бир айлык кирешеси эске алынып, калктын колдоого муктаж катмары аныкталат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Үктөмхан Абдуллаеванын айтымында, мамлекеттик жөлөк пулду тиешелүү документтерди чогултушуп колунда бар үй бүлөөлөр да алып келген учурлар кездешет. Мамлекеттик жөлөк пулду бир айлык кирешеси 640 сомдон ашпаган үй бүлөөлөр ала алышат. Президент К.Бакиев өткөн жылы элге жасаган кайрылуусунда жеңилдиктер жана мамлекеттик жөлөк пул даректүү болуп, жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүүнү артыкчылыкка ээ маселелердин катарына киргизген. (MSu)

XS
SM
MD
LG