Дин боюнча агенттиктин түштук бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаковдун эсебинде, үч облуста жана Ош шаарында 1438 мечит иштесе, анын 213 эч жерде катталган эмес. Анда иштеген дин кызматкерлеринин көбүнүн сапаты талапка жооп бербейт. Ошол себептүү Түркиянын «Дианет-Вакфы» фондунун каржылоосунда кыргыз өкмөтү элеттик дин кызматкерлерин Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин алкагында окутууну баштады. Бул долбоор мындан ары да улантылмакчы. Жергиликтүү эксперттер мындай үзул-кесил сабактар натыйжасын бербейт, андан көрө мамлекет дин кызматкерлерин туруктуу окутуу борборун ачып, алардын билимин такай өркүндөтүп турганы абзел деп эсептешет. (ATo)