Индиянын премьер-министри Манмохан Сингхтин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, далилдер Мумбайга террордук чабуул жасагандар Пакистандын айрым расмий агенттиктеринин колдоосун алгандыгын көргөзүүдө. Ноябрдын 26-29ндагы атышуулар учурунда 170тен ашуун адам мерт болгон. Кол салууну болсо куралчан он адам жасаган. Индия премьер-министринин айтымында, тергөө иштери чабуулдун артында Пакистан колдогон Лашкар-е-Тайба тобу турганын да ачыктады. Бул боюнча далилдерди Пакистанга өткөрүп бергенин Индия ушул дүйшөмбү күнү билдирген. Ал эми Пакистан бүгүн Индия тараптын ырастоосун кыжырдануу менен четке какты.