Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Казакстанда көз карандысыз журналист камалды


"Алмата инфо" деген апталык гезитке баш редакторлук кылган Рамазан Есергепов бүгүн шаардагы кардиологиялык институтта дарыланып жаткан жеринен камакка алынып, аны беткеп кийген адамдар алып кеткен. Казак бийликтери журналист камалганын ырасташып, иш аталган басылма ноябрь айындагы санында жарыялаган макалага байланыштуу экенин билдиришти. Журналист мамлекеттик сыр катары эсептелген маалыматты ачыкка чыгарып жибергени үчүн шектелүүдө. Рамазан Есергеповдун жубайынын бүгүн "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясына билдиргенине караганда, күйөөсү ооруканда өткөн айдан бери жүрөк илдетинен дарыланып жаткан. Анда Есергепов Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүлөрүнүн камоо аракетинен кутулуп кеткени маалымдалган эле.

XS
SM
MD
LG