Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Ооганстанда 2 миңдей адам Газаны коргоого даярдыгын билдиришти


Ооган мыйзам чыгаруучулары тараткан билдирүүдө айтылгандай, ооган жаштарынын арасында 2 миңдей адам Газага барып, «палестиндиктердин аймагын басып алган каапырлардан ал жерди коргоого даяр» экендигин айтышты. Эгер чабуулдар дагы улана берсе, Палестинаны бүтүн мусулман дүйнөсү коргоп чыгаары эскертилген. Буга чейин Иранда 70 миң студент Израилге каршы жанкечти чабуулдарына барууга даяр экенин жар салып, президенттен уруксат сурашкан эле. Бирок президент Махмуд Ахмединежад алардын суранычына жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG