Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Ишенбай Кадырбековдун соту 12-январда уланат


Бул күнү күбөлөрдү суроо улантылат. Айыпталуучунун жактоочусу Ишен Айтманбетовдун "Азаттыкка" айтымында сотко көргөзмө берүүгө Билим берүү, Өзгөчө кырдаалдар министрлери, Кочкор районунун акими келише элек. Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп, каржы полициясы кылмыш ишин козгоп, апрелден бери камакта отурат. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Ленин райондук соту соттук териштирүүнү ноябрь айынан бери жүргүзүүдө. Кадырбеков өзү болсо козголгон кылмыш ишин саясий буюртма деп билдирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG