Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Быйыл Кыргызстанда буудай 400 миң гектар аянтка себилет


Мындай маалыматты айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги таратты. Маалыматка караганда, 2008-жылдын күз айында 300 миң гектар аянтка күздүк эгин себилсе, дагы жүз гектардан ашык жерге жаздык буудай себүү пландалууда. Аталган министрлик жалпысынан гектарынан 25 центнерден түшүм алынса, 1 миллионго жакын буудай жыйналып, ал өлкөнүн ички керектөөсүн толук жабат деп ишенип турат. Өткөн жылы өлкөдө 800 миң тонна буудай жыйналып, ал ички керектөөнүн 80 пайызын түзгөндүгү айтылган. Бирок айрым серепчилер бул кагаз жүзүндө гана көрсөтүлгөн жыйынтык экенин айтып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG