Ашуранын учурунда шийит мусулмандар Мухаммед пайгамбардын жээни Хусейинди (Үсөйүн) эскеришет. Маселен, Ливан башкааласы Бейрутта Ашураны майрамдоо үчүн чогулган он миңдеген адамдар Израилдин Газадагы чабуулун айыпташты. Диний жүрүштөр шийит жамааты басымдуулук кылган Иранда да өттү. Ал эми Ирактын Кербала шаарындагы жүрүшкө бир жарым миллиондой зыяратчы катышты. Алардын коопсуздугун коргош үчүн шаарда миңдеген полицей жана аскерлер жайгаштырылган эле. Тарыхый маалыматтар боюнча имам Хусейин (Үсөйүн) Кербала шаарындагы урушта биздин замандын 680-жылы курман болгон деп эсептелинет.