Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

М.Ниязов: Бийлик да, оппозиция да бийлик талашуу менен алек


Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, Коомдук парламенттин мүчөлүгүнөн чыгып кеткен Мирослав Ниязов “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Саясатчынын айтымында, бүгүнкү күндө бийликте отургандар да , оппозиция өкүлдөрү да өлкөдөгү орчундуу маселелерди чечүүнүн ордуна, бийликти сактап калуу, бийликти тартып алуу аракетин көрүшүүдө. Ошондой эле М.Ниязов Коомдук парламенттин БЭКтин курамына киргенин колдобой тургандыгын баса белгиледи. Анткени, дейт саясатчы, Бириккен элдик кыймылдын максаттары өлкөнү алдыга алып чыга албайт. Өлкөнү башкаруу системасына токтолгон М.Ниязов Коомдук парламенттин парламенттик республика курабыз деген максатына караманча каршы экенин билдирди. “Эгерде Кыргызстан парламенттик республика болсо, өлкөбүз дагы 15 жылга артка кетет. Мындай башкарууга эл азыр даяр эмес”, дейт саясатчы. М.Ниязовдун сунушу боюнча, парламентке 50 пайызы пропорционалдык, калган 50 пайызы мажоритардык система менен шайланышы керек. Өкмөт башчысы кызматы алынып салынып, жоопкерчилик толугу менен президенттин мойнунда болушу керек. (MSu)

XS
SM
MD
LG