Ооганстандын түштүгүндө жолго коюлган бомбанын жарылуусунан канадалык бир жоокер набыт болуп, дагы үчөө жараат алды. Бул тууралуу Канаданын аскер жетекчилиги билдирди. Маалыматтарга ылайык, окуя шаршембиде Кандагар шаарынын жанында аскердик иш-чара маалында орун алган. 2002-жылы Канада Ооганстанга алгачкы аскер тобун жибергенден бери 107 канадалык жоокер набыт болду. Ушул тапта Ооганстанда 2 700 канадалык жоокер НАТО күчтөрүнүн алкагында кызмат өтөйт.