Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Ливандан Израилди көздөй ракеталар атылды


Ливандан Израилдин түндүгүнө бери дегенде үч ракета түшкөнү кабарланууда. Азырынча ракетаны ким аткандыгы тууралуу маалымат түшө элек. Ливан өкмөтү бул ракеталык чабуулду айыптаган билдирүү жасады. Анын аралыгында Бириккен Улуттар уюмунун Ливандагы бейпилдик күчтөрүнүн башчысы эки өлкөнү тең сабырдуулукка чакырды. Израил, Хамастын өкүлдөрү жана палестин бийлиги Газадагы жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштары күтүлүүдө. Израил Газа тилкесиндеги чабуулун баштагандан 13 күндөн бери дээрлик 700 палестин жана 10 израилдик набыт болду.

XS
SM
MD
LG