Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Муфтият Газа тилкесиндеги согушка тынчсызданууда


Буга байланыштуу Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы Израиль менен Палестинанын Газа тилкесиндеги куралдуу кагылышууларын токтотууга чакырган кайрылуусун жолдошту. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Мураталы ажы Жуманов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Газадагы куралдуу кагылышуулардан улам жүздөгөн бейкүнөө адамдар курман болууда жана буга кыргызстандык мусулмандар дагы тынчсызданышууда. Тараптарды согуштук аракеттерин токтотууга чакырган кайрылуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу жөнөтүлгөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG