Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университетте мындай борбордун ачылышы 29-январда өтөт. Аталган окуу жайдан кабарлангандай, Кытай борборунда бир нече билим берүү жана маданий программалар ишке ашырылат. Бул элдин тилин жана маданиятын үйрөнгүсү келгендер үчүн курстар да уюштурулуп турмакчы. (EBM)