Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Быйыл кант кызылчасы дээрлик айдалбай калышы мүмкүн


Бул туурасында айрым жергиликтүү дыйкандар «Азаттыкка» берген маеги учурунда белгилешти. Алардын айтымына караганда, соңку жылдары Чүйдөгү «Кайыңды- Кант» жана «Кошой» ишканалары жергиликтүү дыйкандардын кант кызылчасын кабыл алуудан баш тартып, башка өлкөлөрдөн алынып келинген чийки затты иштетип келишет. Анын кесепетинен Чүйлүк дыйкандар былтыркы жылы кант кызылчасын арзан баада казак ишкерлерине сатууга аргасыз болушкан. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү «Кайыңды- Кант» жана «Кошойдун» жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы туурасында «Азаттыкка» маалымдады. Ал эми бүгүнкү өткөн облустук жыйында губернатор К. Сыйданов быйыл аталган эки ишкана тең кант кызылчасынын бир тоннасын 2200 сомдон кабыл алат деп белгилен. (JJ)

XS
SM
MD
LG