Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген парламенттеги Ак жол фракциясынан депутат Бегалы Наргозуевдин айтымында, президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов жеткилең саясатчы, аны кайсы кызматка койсо дагы жогорку саясий эшалондогу таасири кала берет. Ал эми оппозиция М. Садыркуловдун кызматтан кетишин "президенттин айланасындагы топтордун ынтымагы үчүн садага чабылды" деп баа беришүүдө. Наргозуев ошондой эле өткөн жылдын жыйынтыгына байланыштуу жогорку кызматтарда орун алмаштыруулар дагы болушу мүмкүн деген божомолун билдирди. (AJ)