Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Евробиримдиктин газ маселесин жөнгө салуу боюнча тобу Орусияда


Еврошаркеттин газ маселесин жөнгө салуу боюнча тобу орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Топтун жетекчиси, биримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек кечээ Украин бийлиги менен кездешип, Украина аркылуу өткөн газ транзитин көзөмөлдөө үчүн байкоочулар боюнча ооз эки келишимге жетишилгенин кабарлады. Путин бир да келишим кол коюлмайынча күчүнө кирбейт деп эскертти. Киев менен Москва ортосундагы газ талашынан улам бир катар европалык өлкөлөр газсыз калышты. Россия Украина Европага багытталган газды уурдап жатат деп, аны берүүнү токтотуп койгон. Бирок Киев айыптоону четке кагууда.

XS
SM
MD
LG