Бул тууралуу билдирген “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, жыйын Бириккен элдик кыймылдын улуттук кеңешинин курамын бекитүү жана ага жаңы мүчө болуп кирүүчү талапкерлерди кабыл алуу менен башталат. Ошондой эле өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык абал, энергетикалык жана мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө каршы чара көрүү маселелери талкууга алынып, БЭКтин январь-февраль-март айындагы иш чараларынын планы бекитилет, дейт Сариев. БЭК 26-декабрда түзүлүп ага оппозициялык төрт кыймыл, 7 партия жана коомдук уюмдар кирген. (AJ)