Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Ж. Сапарбаев: Садыркулов өзүм кеттим деген сөзүнө ишенбейм


Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдирди. Жаш саясатчынын баамында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов президенттин айланасындагы күчтөрдүн ынтымагы үчүн саадага чабылышы толук ыктымал. “2005 – жылдан бери эле президенттин жакын туугандары жана анын айланасындагы таасирлүү атка минерлер топ-топко бөлүнүп, өз ара атаандашып тил табышпай келгени коомчулукта байма-бай эле айтылып келген. Эми ошол клан ичиндеги күрөштө аларды ынтымакка чакыруунун бирден-бир шарты катары Медет Садыркуловдун кетиши болгон”, - деди Ж. Сапарбаев. Ал эми “Бишкек-Репортер” гезитинин редактору Султан Каназаров, Садыркуловдун айланасындагы айың кептердин таркашына бийликтин салымы болушу мүмкүн деп түкшүмөлдөйт. Анын айтымында, бийлик атайын аны Кыргызстанда болуп жаткан көйгөйлөрдүн негизги себепкери катары көрсөтүп жана аны кызматтан алуу менен бир проблема чечилди деген пикирди коомчулук арасында жараткысы келген. (ES)

XS
SM
MD
LG