Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Пакистандын Ооганстан менен чегара аймагында 40тай жоочу жана 6 аскер набыт болду


Бул тууралуу Пакистандын расмий булактары билдиришти. Бийликтердин ырастоосунда, согушкерлер Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн жоокерлерине кол салышкан. Согушкерлердин айрымдары Ооганстан тараптан келишкен. Аларга жергиликтүү талип жоочулары кошулган. Ок атышуу бир нече саатка созулганы кабарланууда. Өткөн жумада Ооган президенти Хамид Карзай жана Пакистандын мамлекет башчысы Асиф Али Зардари экстремизм менен терроризмге биргелешип чара көрүү керектигин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG