Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Мусулмандар биримдиги Палестинаны колдогон жыйын өткөргөнү жатат


Жыйын 14-январда тарых музейинде өтүп, Израил-Палестин чатагында шейит болгон палестиндиктерге арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Ушул эле иш чаранын алкагында палестиндиктер үчүн акча чогултулуп, кол топтоо болот жана Израилдин желеги өттөлөт. Бул тууралуу мусулмандар биримдигинин лидерлеринин бири, “ЭрК” партиясынын башчысы Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” билдирди. Саясатчынын айтымында Мусулмандар биримдиги ошондой эле “Акыл-эс, рух, ыйман” коомунун акциясына тилектеш, бирок, ага тикелей катышпайт. Аталган коом бүгүн Горькийдин эстелигинин жанында Израилдин Газа тилкесине чабуулун токтотууну талап кылган акция өткөргөнү жатканын кабарлады. (BuS)

XS
SM
MD
LG