Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Президент эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрин кызматка киришүүсү менен куттуктады


Мамлекет башчынын айтуусунда өткөн ишемби күнү дайындалган жаңы министр Назгүл Ташпаева жаштыгына карабай бай тажрыйбага ээ. Жаңы жылдан кийинки кадрдык өзгөрүүлөргө токтолгон Курманбек Бакиев бул кадимки жумушчу жараян экендигин белгилеп, мезгил улам жаңы талаптарды коюп жаткандыгын, ошондуктан, буга ылайык мамиле керектигин айтып кетти. Президенттин белгилөөсү боюнча быйылкы жылы дүйнөлүк каржылык кризиске байланыштуу көптөгөн кыйынчылыктар болушу мүмкүн. “Дүйнөлүк кризистин биздин экономикага тийгизүүчү терс таасирин азайтуу үчүн өкмөт тиешелүү чараларды өз убагында көрүүгө тийиш,” дейт президент Курманбек Бакиев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG