Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Коргоо министрлигинин мурдагы жетекчилигине кылмыш иши козголду


Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлагандай, кылмыш иши КР кылмыш жаза кодексинин 171- беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, же жок кылуу) жана 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон. Маалыматта айтылгандай, кылмыш ишин козгоого 2005-жылы октябрь айында ошол туштагы коргоо министри Исмаил Исаковдун уулу Р. Исаковдун атына жасалма документ менен Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батирдин берилиши негиз берген. Аталган батирди “Бишкеккурулуш” ишканасы коргоо министрлигине тиешелүү 500 чарчы метр жерге алмаштырып, бергени аныкталган.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун өзүнө каршы кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан декабрь айында козголгон. “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын Башкы катчысы Исмаил Исаков өзүнө каршы козголгон кылмыш иштерин бийлик тарабынан болуп жаткан саясий куугунтук катары эсептейт. Ал президенттин жүргүзүп жаткан саясаты менен келишпестигин билдирип, өткөн жылы октябрь айында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматынан кеткен. 24-декабрда оппозициялык Бириккен Элдик кыймылына мүчө болуп кирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG