“Кыргызстандын жетекчилиги америкалык аскерий аба базаны “Манас” аба базасынын аймагында жайгаштыруу тууралуу келишимди расмий түрдө бузууга даярданып жатат. Мындай мазмундагы жарлыкка президент Курманбек Бакиев ушул жуманын аягында, Москвага жасачу иш сапарынын алдында кол коет,” деп жазат “Время новостей” гезити. Гезитте ошондой эле АКШнын аскерий аба базасы Кыргызстанда турган жети жыл ичинде өлкө жетекчилигинин Америкадан келүүчү жардам тууралуу үмүттөрүн актаган жок, ошондуктан мамлекет башчылыгы эми Орусия убада кылган 2 млрд доллар өлчөмүндөгү инвестицияны алууга аракет кылуунун камын көрөт, деп жазылган. Кыргыз бийлиги бул макалада айтылгандар боюнча ак же көк деп, пикирин билдире элек. Президенттик маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов буга карата расмий комментарий азырынча берилбестигин “Азаттыкка” билдирди. Президенттик администрациядан алынган маалымат боюнча мамлекет башчынын Москвага иш сапарынын так күнү азырынча белгисиз. Мурдараак президент Курманбек Бакиев январь айында Орусияга расмий иш сапар менен барары айтылган. (ZKo)