Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Кыргызстандын муфтияты президентке жана спикерге ыраазылык билдирди


КР мусулмандар дин башкармалыгынын атынан муфтий Мураталы ажы Жуманов бүгүн мамлекет башчыга жана ЖК төрагасына кайрылуу жолдоп, дин тууралуу мыйзамга кол коюлганына байланыштуу ыраазылыгын билдирди. Кайрылуу ээлери жаңы кабыл алынган мыйзам диний демократиянын чыныгы принциптерине таянып жазылган, деп белгилешип, аталган мыйзам мамлекеттин коопсуздугун жана эл биримдигинин бекемделишин шарттайт, деп эсептешет.
“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзамга президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Аталган мыйзам өткөн жылдын 6-ноябрында ЖК тарабынан кабыл алынып, бирок коомчулукта дин эркиндигинин чектелүүсү катары кызуу талкууган алынган. Аз күн мурун АКШ Конгрессинин мүчөлөрү бул мыйзамга кол койбоосун өтүнгөн кат менен президент Курманбек Бакиевге кайрылышкан эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG