Мындай жардыкка президент Курманбек Бакиев аз убакыт мурда кол койгонун жаңы эле президенттик маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтуусунда Данияр Үсөновду мамлекет башчы Курманбек Бакиев президенттик администрациянын жамаатына тааныштырды. Бул кызматтын мурдагы ээси Медетбек Садыркулов 8-январь күнү өзүнүн арызынын негизинде бошотулган эле. Айрым саясатчылар Данияр Үсөновду президенттик администрациянын башчылыгына дайындоо менен мамлекет башчы кадрдык саясатта кемчилик кетирди, деген пикирлерин айтышууда.
Маалымдама:
Маалымдама:
- Данияр Үсөнов 1960-жылы азыркы Бишкек, мурунку Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1982-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин юридикалык факультетин аяктаган.
- 90-жылдардын башында Кара-Балта шаарынын администрациясында иштеген. Ошол убакта эле ишкерлик менен алектене баштаган.
- 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болгон.
- 2000-2001-жылдары “Эридан” каржы өнөр-жай корпорациясынын баш деректири болчу.
- 2001-2005- жылдары “Инексимбанк” жабык акционердик коомунун деректирлер кеңешин жетектеген. Андан соң бизнесинин кайсы бир бөлүгүнөн кол жууп Казакстанга кеткен.
- 24-март жоогазын ыңкылабынан кийин Кыргызстанга кайткан. Жаңы бийлик орногондо вице-премьер-министр болуп дайындалган.
- 2006-жылдан 2007-жылга чейин биринчи вице-пемьер-министрликти аркалаган.
- 2007-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.
- 2008-жылдын июлунан ушул убакка чейин Кыргызстандын өнүктүрүү корунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген. (ZKo, EBM)