Мындай пикирин БЭКтин курамындагы Элдик Революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Бириккен Элдик кыймылдын ичинде эч кандай уруш-талаш, пикир келишпестик жок. Оппозиция мүчөлөрүнүн бир пикирге келе албай жатканы тууралуу айтылып жаткан түрдүү ушак кептердин баарын бийлик атайын уюштуруп, таратууда, дейт Топчубек Тургуналиев.(ZKo)