Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Азимбек Бекназаров Ишенбай Кадырбековдун ишин кайра тергөөнү суроодо


Мындай арыз менен кечээ адвокат Бекназаров Ленин райондук сотуна кайрылды. Каржы полициясы Кадырбековго Кочкор районундагы мектептин курулушунда 18 млн. сом ашыкча чыгымдады деген айып таккан. Кечээки сот отурумунда бул каражаттын кайдан пайда болгондугу, Кадырбековдун тиешеси бар экендиги негизделген жок деген Бекназаров ишти кайра тергөөгө жиберүүнү соттон сурады. Келерки сот отуруму 16-январга белгиленди. Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп, Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча соттолууда. Сот ноябрдан бери күбөлөрдү сурап жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG