Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

ИИМдин 9-башкармалыгы кибер коркунучтарына каршы топ түздү


Бул тууралуу кечээ “Кабар” агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында башкармалыктын башчысынын орун басары Таалай Кадыркулов билдирди. Анын айтымында бул топ диний экстремизмге, терроризмге каршы интернет мейкиндигинде иш жүргүзөт. Кадыркуловдун маалыматы боюнча учурда Кыргызстандагы тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” партиясы баштаган экстремисттик диний уюмдар өз идеологиясын интернет аркылуу жайылтууну жандантты. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 1833 хизбуттахрирчи аракеттенет. Бейрасмий булактарда булардын саны эки-үч эсе көп экендиги айтылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG