Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

АКШнын аскерий аба базасы чыгарылса оппозицияга утуш болот


Анткени бийликке ишеничи калбаган Батыш оппозицияны колдоосу мүмкүн, деп эсептейт “КМШ өлкөлөрү” инстититунунун аймактык филиалынын жетекчиси Александр Князев. Мындай пикири менен бүгүн журналисттерге бөлүшкөн орусиялык саясат талдоочу антитеррордук күчтөрдүн аскердик аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу демилге Орусия тараптан көтөрүлүп жаткан болушу керек, аскердик аба база тууралуу келишимди токтотуу боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги АКШ бийлигине нота жиберүүсү тийиш, бирок азырынча бул тууралуу маалымат жок, деп божомолдойт саясат талдоочу. Анын айтуусунда АКШ үчүн аскердик аба базасын Кыргызстандан алып чыгып кетүү -өзүнүн Борбор Азиядагы саясатын, таасирин жоготуу болуп эсептелет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG