“Кайрат” кризистик борборунун адвокаты Фатима Хабибулинанын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, айыл жеринде ВИЧ инфекциясын алып жүргөн жаш балдар өзгөчө кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Башка жерге көчүп кеткенге алардын ата-энелеринин каражаты жок. “Айылдагы мындай үй-бүлөлөр кошуналар менен алыш-бериш да жасай албайт экен. Анткени ооруну уккандар алардан оолак болуунун аракетин көрүшөт”,- дейт ал. Фатима Хабибулина бүгүнкү күндө элде ВИЧ инфекциясы тууралуу жеткиликтүү маалыматтын жоктугу ушундай кырдаалды жаратууда деп эсептейт.
Эскерте кетсек, Фатима Хабибулина Ноокаттагы ВИЧке чалдыккан делген балдардын жападан жалгыз адвокаты.(AzK)