Март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда чынында адам укугу, сөз эркиндиги жакшырган болчу. Бирок өткөн жылы бул жааттагы акыбал мурдагы эки жылга салыштырмалуу бир топ артка кетти. Мындай бүтүмүн КР Акыйкатчысы Турсунбек Акун бүгүн жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда 2008-жылы Акыйкатчы институтуна элден келип түшкөн арыз-дооматтардын көпчүлүк бөлүгү тартип коргоо органынын жана сот системасынын кызматкерлеринин үстүнөн келип түшүүдө. Турсунбек Акун маалымдагандай учурда Акыйкатчы институтунда Кыргызстанда адам укугун жана эркиндигин коргоонун Концепциясын иштелип жатат, аталган институт адам укугун коргоону жакшыртууда белгилүү бир ийгиликтерге жетишүү максатында саясий партиялар жана коомчулук менен иш алып барууну көздөйт.(ZKo)