Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Бириккен Элдик кыймыл Кыргызстандын элин биригүүгө чакырууда


БЭК бүгүн элге кайрылуу жолдоп, Кыргызстанды саясий-экономикалык жактан кооптуу жана коркунучтуу абалга алып келген бийликтен жагдайды өзгөртүүнү талап кылуу үчүн биригүүгө чакырды. Кайрылууда айтылгандай коррупция гүлдөп, кошоматчылык күч алып жаткан азыркы бийлик “өлкөнү оңдойт” деген элдин үмүтүн ташкаптырды. “Бул бийлик элдин убал – сообунан, кара ташты тең жарган каргышынан коркуп да койбой, эл камын ойлоонун ордуна элдин ырыскысын талап-тоноп, көрбайлык чогултуу менен гана алек. Мамлекеттик деңгээлде караөзгөйлүк, кошоматчылык, абийирсиздик саясат жүрүп турган чак. Элге кылган мамилеси, жасаган иштери менен бийлик өзүнүн кадыр –баркын эл алдында толук кетирип алды. Эки сүйлөө, калп айтуу, жок нерсени бардай көрсөтүү, жасалмалуулук, караөзгөйлүк, зомбулук бийликтин эң ишенимдүү ыкмасына айланды. Сөз жүзүндө демократия, укуктук коом, иш жүзүндө автократия бийлиги күчөдү. Бул бийлик эгемен мамлекетти демократиянын жолунда ырааттуу өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп калды,” деп жазылат кайрылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG