"Бириккен элдик кыймыл" бүгүн таркаткан Кайрылууда прокуратура, милиция кызматкерлерин, сотторду мыйзамдуулукту сактоого, укуктук тартипти камсыз кылууга, эл үчүн кызмат кылууга берген анттан тайбоого чакырып, БЭКтин талаптарын колдоону, алар менен бирге болууга үндөгөн. Кайрылууда бүгүнкү күндө өз бийлигин жоготуп коюдан корккон президент жана анын тууган туушкандары чукул чараларды көрүшү мүмкүндүгү айтылып, учурдагы оппозиция лидерлерине карата көрсөтүлө баштаган кысымдарды мунун далили катары көрсөтүшкөн. Анда Бакиевдердин үй бүлөлүк кландык диктатураны орнотуу максаты укук коргоо органдары менен соттордун жеке адамдын саясий кызыкчылыгына баш ийдирилиши менен ишке ашышы мүмкүндүгү айтылып, мыйзамдуулукту сактоого жана өз анттарын бузбоого чакырган. (AzK)