Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Туризм агенттигинин жетекчисинин орун басары алмашты


Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун жарлыгы менен туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Айбек Молдокадыров кызматынан бошотулду. Анын ордуна аталган агенттикте аймактык саясат башкармалыгынын башчысы болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы Бакыт Жолдошбай уулу дайындалды. Өткөн жумада премьер-министрдин буйругу менен айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Байымбет Мураталиев кызматынан бошотулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG