Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

“Мээрим булагынын” балдарды сыртка алып чыгууга укугу жок болчу


Бул туурасында “Азаттыкка” балдарды коргоо департаментинин директору Гүлнара Бекбулатова билдирди. Анын айтуусунда, Ысык-Көлдүн Түп районундагы “Мээрим булагы” балдар үйү балдарды туура эмес документ менен Орусияга алып чыккан. Ал жакында депутаттык комиссия түзүлөөрүн жана департамент мониторинг жүргүзөөрүн билдирип, учурда фактылар иликтенип, прокуратурага берилгенин маалымдады. Ал эми “Мээрим булагы” балдар үйүнүн башчысы Гүлнара Дегенбаева “Азаттыкка” балдар Орусияга балаты майрамына баргандыгын айтып, буга чейин муну комиссия текшерип, эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун айтып кеткендигин билдирди.(AzK)

XS
SM
MD
LG