Кылмыш иши расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен 4 кишиге жер участокторун бергендиги үчүн Октябрь райондук акимчилигинин жооптуу кызматкерлерине козголду. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана кызматтык жасалмачылыгы үчүн жоопко тартылышмакчы. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча аталган кылмыш иши өзгөчө оор кылмыш иштеринин катарында иликтөөгө алынат.(ZKo)