Ысык-Көл облусундагы 194 мектептин 61 көмүр менен жылытуу мештери курулбагандыктан 2 айга каникулга тарады. Облустук администрациянын билим берүү, спорт жана жаштар менен иш алып баруу бөлмүнүн башкы адиси Мира Бектенованын айтуусунда, 12- январдан тарта окуй баштаган 133 мектептин дээрлиги кайра бир жумага тарады. Анткени 17 күн жылыбай турган мектептер муздап калган. Ошондуктан кышкы каникулдан кийин 12-январда сабакка келген башталгыч класстын окуучуларына ысык чай, нан берилген эмес. (RB)