Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Баткен: Карышкыр менен кармашкан бир адам ооруканага түштү


Бул тууралуу Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, 12-январда Кара-Булак айылынын 47 жаштагы тургуну Сыдык Абдыкадыровго айылдын борбордук көчөсүнөн жумушка бараткан мезгилде карышкыр кол салып, башын тиштөөгө аракеттенген. Ал колдорунан жана башынан жаракат алганына карабай карышкыр менен кармашып жатып өлтүргөн. Бирок өлтүрүлгөн карышкырдын денеси анализ алуу үчүн текшерилүүгө жеткириле электигин аймактык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.(JsA)

XS
SM
MD
LG