Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:09

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова баш прокуратурага кайрылды


Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова өз укугун коргоону сурап баш прокуратурага кайрылды. Төлөкан Исмаилованын билдиргенине караганда, ИИМдин жергиликтүү кызматкерлери укук коргоочунун Ысыккөлдүн Сары-Ой айылындагы туугандарына барып, Төлөкан Исмаилованын эмне иш менен алектенерине, кошумча ишкердиги бар-жок экенине кызыккан. “Жарандар коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы муну үй-бүлө мүчөлөрүнүн конституциялык укуктарына кол салуу, куугунтук жана психологиялык басым деп эсептеп, Баш прокуратурага чара көрүүнү сурап кайрылганын “Азаттыкка” билдирди. (BuS)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG