Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Депутат Дамира Ниязалиеванын кызына каршы кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура СДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиеванын кызына каршы кылмыш ишин козгоду. Депутаттын кызы, жоопкерчилиги чектелген “Аманат-Фарм” ишканасынын директору Айгүл Токомбаевага Кылмыш Кодексинин 166, 255, 350 беренелеринин негизинде кылмыш жасоого аракет кылган, тендерге катышуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жалган маалымат берип, көз боемочулукка барган, медициналык каражаттарды мыйзамсыз чыгарып, саткан деген айыптарды тагууда. Ишти учурда өзгөчө маанилүү кылмыш иштерди иликтөө башкармалыгы тергеп жатат. Аталган ишкана жетекчилиги буга таңгалуусун билдирүүдө. Ал эми депутат Дамира Ниязалиева саясий буюртма эмес экенине ишеним артып жаткандыгын билдирди. Ниязалиева баштаган депуттык комиссия былтыр октябрда Саламаттык сактоо тармагына келген кредиттерди, гранттарды пайдалануунун натыйжалуулугун текшерип, парламенттин талкуусуна койгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG