Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

БУУ баш катчысы Жакынкы Чыгыш маселесин Каирде талкуулайт


Газада Израилдин аскерлери менен ХАМАС куралчан тобунун атышуулары жөнүндө бир түрдүү маалымат жок. Айрым маалымат булактары жөөт аскерлеринин танктары шаардын ичине кирип барганын айтышса, кээ бирлеринде, тетирисинче, четки райондорго кеткени кабарланат. Палестин догдурлары атышуулар башталгандан бери 950 палестиндик тургун набыт болгонун айтып жатышат. Израиль тараптын 13 адам көз жумганы кабарланууда. Улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун Жакынкы Чыгышта урушту токтотуу үчүн бүгүн Каирде сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG