Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:23

Н.Бекбердинов: Мусулмандар биримдиги элге туура эмес маалымат берип атат


Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын аткаруучу директору Ниязаалы Бекбердинов “Азаттыкка” берген интервьюсунда Мусулмандар биримдиги Жакынкы Чыгыш боюнча кыргызстандыктарга туура эмес маалымат берип, элди дүрбөтүп жатат деп билдирди. Бекбердиновдун пикиринде Израил каршылашып жаткан Хамас дүйнө жүзүндө халифат орнотууну каалаган уюм жана ал жалпы арабдардын көз карашын билдирбейт.

Мусулмандар биримдиги бүгүн Газа тилкесинде мерт болгон палестиндиктерге куран окутуп, фотокөргөзмө, көңүл айтуу китебине кол коюу уюштурат, каражат чогултат жана Израилдин желегин өрттөйт. Бул тууралуу Биримдиктин лидерлеринин бири, “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” билдирди. Биримдикке ошондой эле “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев жетекчилик кылат. Укук коргоочу Бекбердинов саясатчылардын демилгесин Жакынкы Чыгыш жаңжалын бетке кармап, элге өздөрүн көрсөтүү аракети катары баалады. (BuS)

XS
SM
MD
LG