Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:27

Бишкек прокуратурасы А.Жекшенкуловго эскертүү берди


Шаар прокурору Айбек Турганбаев “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловду 2008-жылы 27-ноябрда “Учур” гезитинде жарыяланган макала үчүн эскертти. Прокурордун пикиринде, макалада Аликбек Жекшенкулов тарабынан бийликти күч менен алмаштыруу, элди митинг, пикеттерге чыгуу чакырыгы жасалган.Кыргызстанда болсо конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга болбойт. Прокурор эгерде мындай аракеттер кайрадан кайталанса жоопкерчиликке тартыларын А.Жекшенкуловго эскерткен. Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылдан бүгүн кабарлашты.Аликбек Жекшенкулов өзү Бишкек прокуратурасынын эскертүүсүн саясий буйрутманы аткаруу катары жана кысым катары баалап, макалада мыйзамга каршы келген сөздөр айтылбаганын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG