Комитетти түптөө демилгесин көтөргөн белгилүү саясат Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, бүгүн саат 16:00 дө комитетти уюштуруу жыйыны болуп, мына ошонун учурунда анын жобосу, бөлүмдөрү, жооптуу адамдары бекитилет.Комитет алгачкылардан болуп бийлик тарабынан кылмыш иши козголуп жаткан оппозициялык саясатчылар Исмаил Исаков, Эркин Бүлекбаев, Аликбек Жекшенкуловдун уулу жана инисин, укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын укуктарын коргоого киришет. Комитет ошондой жабылган гезит, тоскоолдук жасалган радиолорду коргоону колуна алат.(AiT)