Мындай маалымат Нарын шаардык мэриясы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды. Нарын район аралык жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиевдин айтымында, 2008-жыл үчүн ишканага жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 225 миң, республикалык бюджеттен болсо 723 миң сом төлөнгөн эмес. 1-январга карата жылуулукка элдин береселери 16 миллион сомду түзөт. Бирок мурунку жылдарда бир жыл ичинде ишкана элден 1 миллион сом чогултуп келсе, өткөн жылы элден 5 миллион сом жыйнаганга жетишкен. (KUs)