Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Оштук укук коргоочу Равшан Гапировду камоону жогорку кызматтагы атка минерлер буйрук кылган


Мындай пикирин «Акыйкат сот - чындык» фондунун директору Равшан Гапиров бүгүн маалымат жыйынында жарыя кылды. Анын айтымында, укук коргоочу Ак үйдөгү үлкөн аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттерин сындаганы үчүн түрмөдө бир жарым жыл жатып чыкты. Мындан тышкары Гапиров Ноокат райакимчилигин ташбараңга алган 32 киши президент Бакиевдин, Коопсуздук кеңештин катчысы Мадумаровдун жеке көрсөтмөсүнүн негизинде узак мөөнөткө соттолушту деп кошумчалады. Ош облустук прокуратурасынын атын атоодон тайсалдаган өкүлү укук коргоочу Равшан Гапиров Интернет аркылуу таратылган баракчаларда «Хизб-ут Тахрир» экстремисттик партиясынын идеясын жайылткандыгы, ал эми ноокаттыктар Орозо айт күнү райондук бийликке кол салып, конституциялык түзүмгө коопсуздук туудургандыгы соттук териштирүүдө аныкталды деп билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG