Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

“Айтышфильм” беш кинотасманын бет ачаарын өткөрөт


“Айтышфильм” киностудиясы жакында беш кинотасманын бет ачаарын өткөргөнү турат. Бул тасмалар жана киностудиянын иш-аракеттери тууралуу «Айтыш» коомдук фондусунун жетекчиси Садык Шер-Нияз “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Сиз жетектеген “Айтыш” корунун “Айтышфильм” студиясы 5 кинотасманын бет ачаарын өткөрөт экенсиздер, анда кандай фильмдер топтолгон жана бетачаардын башкы максаты эмне?

- Бул бешөө тең кыска метраждуу фильмдер, анткени толук метраждуу фильмдерди тартканга азырынча чоң күч кубат жок. Бул эми ар кыл теманы камтыган кыска метраждуу фильмдер. 2-3 фильм Кыргызстанда тартылган, 2 фильм орусиялык кинорежиссерлор менен биргелешип тартылган. Санап айтып өтө турган болсом, Кыргызстанда “Ашуу” жана “Аян” деген фильм, ал эми Орусияда тартылган “Карусель” жана “Струна” деген фильмдердин бет ачаары болот.

- Адатта бир тасма, же бир китептин бет ачаары өткөрүлчү эле. Сиздер 5 тасманы көрсөткөнү жатыптырсыздар. Аларды идеялык, көркөмдүк жагынан эмне бириктирип турат жана эмне үчүн 5 фильм тандалып алынды?

- Чындыгын айтканда бул 5 фильм азыр бизде кино тартууда постпродакшн деп коет, ошол постпродакшындын жүрүп аткан кези, мындайча айтканда тартып бүткөндөн кийин жасап, түзөп аткан кезибиз. Ал эми аларды бириктирип турганы “Айтышфильм” киностудиясында тартылганы жана жаш режиссерлордун тарткан фильмдери болуп атат.

- “Айтышфильм” студиясы кыргыз элинин ооз эки өнөрүнө көп маани берип келгендиги белгилүү. Ошол студиянын мындан аркы планында дагы кандай фильмдерди жаратуу максаты бар, маселен Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев, азыр көзү тирүү комузчу-ырчы Нурак Абдрахмановдун чыгармачылыгы тууралуу фильм тартуу планда барбы?

- Ооба, биз буга чейин дагы даректүү фильмдерди тартып келгенбиз. Мисалы Байдылда Сарногоев жөнүндө, “Кыргыз деп келгем дүйнөгө” деп аталат жана да башка фильмдерибиз бар. Бул ишти иш чарага киргизгенбиз. Андан башка дагы көркөм кыска метраждуу кино тартканды пландап турабыз. Быйыл болсо ушул темага багытталган манасчы жөнүндө “Аян”, “Ашуу” деп эки ат менен аталат ошол фильмди көрмөкчүсүздөр.

- Ушул киностудияда иштеп жаткан, же болбосо сиздер менен кызматташып жаткаш жаш кинорежиссерлорго кандай көмөк көрсөтүп жатасыңар чыгармачылыгын өнүктүрүш үчүн?

- Биринчиден, “Айтышфильм” киностудиясында “Парз” деген фильмди Темир Бирназаров аттуу жигитибиз тартты. Ушул фильм аябай жакшы үлгүлүү болуп, андан кийин “Белгисиз маршрут” жана башка фильмдерди тартты. Ага чейин деле тартып келген режиссер болчу, бирок “Парз” фильми өзгөчө ага түрткү болду го деп ойлойм. Экинчиден, “Парзда” башкы ролду ойногон Акжол Бекболотов деген жигитибиз “Айтышфильмде” режиссерлордон, операторлордон таалим алып жүргөн жигит. Дүйнөгө таанылып Дубайдан 15 миң доллар, Тегерандан 3 миң евро утуп келди. Андан башка Бакыт Турдубаев деген жигитибиз ошол жерде даректүү тасмаларды тартып атат. Андан башка дагы режиссерлор тартып атышат, ошолордун жанында “Манас” кыргыз-түрк университетинде окуп жаткан студенттер келип стажировкадан өтүп, үлгү алып турушат.

- Маегиңизге рахмат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG